Биз социалдык тармакта

Венесуэлада 4 күн урандылардын астында жаткан ата-бала куткарылды 

Венесуэлада күчтүү жер титирөөдөн кийин урандылардын алдында дээрлик 4 күн жаткан ата-бала куткарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Куткаруу иштери Каракас шаарынан 40 чакырым түндүктө жайгашкан Карабальеда шаарында жүргүзүлдү. Издөө иштерине Венесуэланын куткаруучуларынан тышкары, Франция жана АКШдан келген адистер да катышты.

Эске салсак, 24-июнь күнү кечинде Венесуэлада күчү 7,2 жана 7,5 баллга жеткен эки ири жер титирөө бир мүнөткө жетпеген аралыкта катталган. Бул акыркы жүз жылдан берки өлкөдөгү эң күчтүү жер титирөөлөрдүн бири болуп эсептелет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан