Биз социалдык тармакта

Футбол-2026: Плей-оффтун биринчи оюну Канаданын жеңиши менен башталды

Канаданын футбол боюнча улуттук курама командасы Түштүк Африканы Дүйнө чемпиондугунун плей-офф этабындагы биринчи беттешинде 1:0 эсебинде жеңди.

Оюндун тагдырын чечкен жалгыз голду 92-мүнөттө Стивен Эуштаки киргизди. Бул жеңиштен кийин Канада кийинки этапта Нидерланд же Марокко курама командалары менен беттешет.

Белгилей кетсек, Дүйнө чемпиондугу 19-июлга чейин АКШ, Канада жана Мексикада уланат. Турнирдин тайпалык оюндары жыйынтыкталып, плей-офф баскычындагы беттештер башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан