Биз социалдык тармакта

Экс-спикер учурдагы төраганын айыптоосун "жомок" деп атады

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин спикери Марлен Маматалиевдин анын дарегине айткан айыптоосун четке какты.

Тургунбек уулу "75чилердин" иши боюнча уланып жатканы соттук отурумга кирип бара жатып журналисттерге парламенттик шайлоодо алдын-ала тизме түзүлгөн деген сөздөдөрдү "жомок" деп атады.

"Өзү эле бир нерселерди айтып жатат. Мына, соттук иштердин жүрүшүндө деле бардыгы ал айткандай эмес, тескери чыгып жатат",- деди экс-спикер.

Буга чейин Маматалиев Нурланбек Тургунбек уулун соңку парламенттик шайлоодо өзүнө жакын саясатчылардын тизмесин түзүп, алардын мандат алышына жардам берген деп айыптаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан