Биз социалдык тармакта

Эсептөө палатасынын Түштүк аймагындагы бөлүмүнүн инспектору пара алууга шектелүүдө

Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн инспектору пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалым болгондой, Д.М. аттуу инспектор Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагында жүргүзүлгөн пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө аталган айыл аймагындагы айрым финансылык мыйзам бузууларды жашыруу үчүн 900 миң сом акча каражатын алганы аныкталды.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пункту (Ири өлчөмдө пара алуу) менен кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда кылмыш ишинин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө жана оперативдик иш-чаралар жүрүп жаткандыгы маалыматта кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан