Орусиядан жеткирүүлөрдүн кыскарышы жана сезондук суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу Кыргызстанда Аи-95 жана Аи-98 күйүүчү майынын тартыштыгы пайда болду. Бул жагдайдын фонунда Казакстандан күйүүчү майды аткезчилик жолу менен алып өтүү жогорулашы мүмкүндүгүн казак басылмалары кабарлады.
Бензин жетишсиздиги тууралуу басылмага Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов билдирип, айрым май куюучу жайларда убактылуу үзгүлтүктөр бар экенин айтты.
"Аи-95 жана Аи-98 боюнча үзгүлтүктөр бар. Операторлор кырдаалды турукташтыруу боюнча иштеп жатышат",- деди Эшатов.
Кыргызстан мунай продукттарынын дээрлик 90 пайызын Орусиядан импорттойт. Трейдерлердин баалоосу боюнча, 2026-жылдын январь-май айларында өлкө Орусиядан 251 миң тоннадан ашык күйүүчү май, 235,15 миң тонна дизелдик отун жана 48,15 миң тонна авиакеросин алган.
Басылмалар азыркы тартыштыкты Орусиядагы күйүүчү май рыногундагы кризис менен байланыштырышууда.
Эскерте кетсек, Казакстан 21-ноябрга чейин күйүүчү май менен дизелдик отунду унаа менен ташып чыгууга, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнө чыгарууга тыюу салды.