Кытайдын түштүк-батышындагы Сычуань провинциясында күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Жер силкинүү түн ичинде болуп, анын эпицентри Ибинь шаардык округуна караштуу Гаосянь уездинде жайгашкан. Алдын ала маалымат боюнча каза болгондор жок. Бирок 13 адам жеңил жаракат алып, ооруканага жаткырылган.