Биз социалдык тармакта

Сибирден келген турист Ысык-Көлдүн түбүн таштандыдан арылтууга жардам берүүдө (видео)

Сибирден келген турист акыркы үч жылдан бери Кыргызстанда жашап, учурда Ысык-Көлдүн түбүн таштандыдан тазалоо иштерине активдүү катышып келет. Ал тууралуу видеолор интернет желесине тарады.

Анын айтымында, буга чейин ал Орусиядагы дүйнөдөгү эң терең Байкал көлүнүн түбүн тазалоо боюнча экологиялык акцияларга да катышып жүргөн. 2022-жылдан бери Кыргызстанда жашаган турист бир жыл Корея менен Кытайда да болуп келген. Бирок ал жактагы жашоо өзүнө туура келбегендиктен кайра Кыргызстанга кайтып келген.

Учурда ал кыргызстандык досу менен биргеликте суучул катары Ысык-Көлдүн түбүнөн желим бөтөлкөлөрдү, айнек идиштерди, желим баштык, айтор, таштандыларды чогултуп, көлдү тазалоого өз салымын кошууда.

Туристтин айтымында, Ысык-Көлдүн кооз жаратылышы жана жергиликтүү элдин меймандостугу аны Кыргызстанда калууга түрткөн. Ал көлдүн тазалыгын сактоо ар бир адамдын жоопкерчилиги экенин белгилеп, жергиликтүү тургундарды жана эс алуучуларды айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга чакырды.

Сибирден келген турист Ысык-Көлдүн түбүн таштандыдан арылтууга жардам берүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан