Биз социалдык тармакта

Еврокомиссия: "Европада газ кору жетиштүү, бирок баалар кооптондурууда"

Европа комиссиясы учурдагы газ корлору алдыдагы кышкы жылытуу мезгилинде энергетикалык коопсуздук боюнча олуттуу тынчсыздануу жаратпай турганын билдирди. Ошол эле учурда дүйнөлүк рыноктогу газ баасынын туруксуздугу негизги тобокелдик бойдон калууда.

Еврокомиссиянын өкүлү Анна-Кайса Итконендин чет элдик басылмаларга берген маегинде, азыркы шартта газдын жетишсиздиги эмес, анын баасынын өзгөрмөлүүлүгү көбүрөөк кооптондурат. Ал ошондой эле Ормуз кысыгындагы кырдаалдын өнүгүшү энергия рыногуна түздөн-түз таасир этиши мүмкүн экенин белгилеген.

Анын айтымында, Европа комиссиясы жай мезгилинде газ сактагычтарын толтуруу боюнча ар кандай сценарийлерди жана мүмкүн болуучу кесепеттерди талдоону улантып жатат. Евробиримдик кышка даярдык көрүү иштерин көзөмөлдөөнү улантып, энергия коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл бурууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан