Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаменти Бишкек шаарындагы Пудовкин көчөсү, 43/3 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак жай комплексинде пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Аталган турак жай комплексинин курулушу 2019-жылы "Кыргыз Каганат" ЖЧКсы тарабынан башталган. Долбоор боюнча объект 12 кабаттуу, 8 блоктон турушу керек. Азыркы учурда үч блок пайдаланууга берилсе, калган блоктор 2022-жылы этап-этабы менен бүткөрүлүшү керек болчу.
Бирок тургундар батирлердин сапаты, курулуш нормаларынын сакталбаганы жана айрым блоктордун ушул күнгө чейин бүткөрүлбөй жатканы боюнча кайрылышкан.
Текшерүүнүн жыйынтыгында пайдаланууга берилген үч блокто балдар аянтчасы долбоордогу жерге эмес, көмөкчордондун жанына курулганы аныкталды. Мындан тышкары, электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы, кафелдердин ажырап түшүшү жана өрт коопсуздугу боюнча талаптар толук аткарылбаганы белгиленди.
Ошондой эле 2022-жылы пайдаланууга берилиши керек болгон блоктордун курулушу бүгүнкү күнгө чейин аяктай электиги үлүшчүлөрдүн негизги нааразычылыгы бойдон калууда.
Текшерүүнүн жыйынтыгында бардык кайрылуулар жазуу жүзүндө кабыл алынып, аныкталган мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча курулуш компаниясына милдеттүү көрсөтмөлөр берилип, талаптар күчөтүлдү.