Биз социалдык тармакта

Германиянын Штаде шаарындагы атышууда бир нече адам каза болду

Германиянын Штаде шаарында болгон ок атуудан алдын ала маалымат боюнча беш адамга чейин каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, окуя Төмөнкү Саксония федералдык жеринде жайгашкан жаштар мекемесинде болгон. Күбөлөрдүн айтымында, көп сандаган ок атылган.

Учурда окуя болгон жерде полициянын ири операциясы жүрүп жатат. Шектүү адам кармалып, аймак толугу менен курчоого алынды.

Окуянын себептери жана кылмыштын мүмкүн болгон мотиви азырынча белгисиз. Тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан