Биз социалдык тармакта

Ошто коррупцияга каршы аракеттер жана балдар коопсуздугу боюнча маселелер талкууланды

Ош шаарында прокуратуранын демилгеси менен укук коргоо, фискалдык жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусунда координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин ижарага берүү жана жеке менчикке өткөрүү процесстериндеги коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу маселеси каралды. Ошондой эле Билим берүү башкармалыгына тиешелүү жерлерди мамлекеттин карамагына кайтаруу боюнча иштер талкууланды.

Мындан тышкары жыйында балдар арасындагы кылмыштуулуктун жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселелери да көтөрүлдү. Жашы жете электер катышкан жана аларга каршы жасалган кылмыштардын учурдагы абалы талданып, алдын алуу боюнча сунуштар берилди.

Адистер бул багыттагы ишти күчөтүү жана ведомстволор аралык кызматташууну жакшыртуу зарылдыгын белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан