Apple компаниясы акылдуу шакектер рыногуна чыгууга камынып жаткандай. Белгилүү инсайдер Косутаминин маалыматына ылайык, компания учурда өзүнүн жаңы түзмөгүнүн үстүндө иштеп жатат. Ал аны шарттуу түрдө iRing деп атаган.
Азырынча жаңы түзмөк тууралуу техникалык маалыматтар жарыялана элек. Атүгүл iRing анын расмий аталышыбы же инсайдердин божомолубу – бул дагы белгисиз бойдон калууда.
Эгер маалымат тастыкталса, акылдуу шакек Apple экосистемасындагы дагы бир тагылуучу гаджетке айланат. Ал буга чейин колдонулуп жаткан Apple Watch, AirPods жана келечекте чыгышы күтүлүп жаткан AR-көз айнектери менен катар орун алышы мүмкүн.
Акыркы жылдары Apple ден соолукка байланыштуу функцияларды активдүү өнүктүрүп, сааттары менен кулакчындарына улам жаңы сенсорлорду кошуп келет. Акылдуу шакек бул мүмкүнчүлүктөрдү дагы кеңейтип, организмдин көрсөткүчтөрүн сутка бою көзөмөлдөөгө шарт түзмөкчү.
Учурда акылдуу шакектердин рыногу тездик менен өсүүдө. Мындай түзмөктөрдү бир катар ири өндүрүүчүлөр сунуштап жаткандыктан, Apple компаниясынын да өз версиясын чыгарууга кызыкдар болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш катары бааланууда.
Белгилей кетсек, буга чейин Apple 2026-жылдагы жаңы смартфондор сериясында жеткиликтүү баадагы iPhone 17e моделин тааныштырганы тууралуу маалыматтар тараган.