Биз социалдык тармакта

Милиция жашы жете элек кызга ыдык көрсөтүүгө шектүүнү кармады

Бишкек шаарында коомдук транспортто жашы жете элек кызга карата мыйзамсыз аракет жасоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына Т.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 2026-жылдын 28-июнь күнү болжол менен саат 17:30 чамасында анын 2010-жылы туулган кызы коомдук транспортто бара жатып, жанында отурган белгисиз эркек киши анын оң санына колу менен тийип, мыйзамсыз аракеттерди жасаганы айтылган.

Бул факты боюнча сотко чейинки текшерүү иштери башталып, жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 1991-жылы туулган Б.А. аттуу жаран аныкталып, кармалганы маалымдалды.

Бишкек шаардык милициясы жарандарды мындай учурларга кайдыгер карабоого чакырып, өзгөчө жашы жете электерге карата мыйзамсыз аракеттер тууралуу дароо «102» кызматына билдирүүнү өтүндү.

Ошондой эле ата-энелерге балдарына коомдук жайлардагы коопсуздук эрежелерин түшүндүрүп, мүмкүн болушунча аларды коштоп жүрүү же жүрүү маршруттарын көзөмөлдөө сунушталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан