Казакстан менен Кыргызстан эки өлкөнүн борбор шаарларындагы элчиликтер жайгашкан жер участокторун өз ара негизде дагы 49 жылга пайдаланууга берүү боюнча келишимди узартты. Тиешелүү мыйзамды Казакстан парламентинин Сенаты пленардык жыйында жактырганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Жаңы келишимге ылайык, Астана жана Бишкек шаарларындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөр жайгашкан жер тилкелери жана имараттар өз ара акысыз негизде 49 жылдык мөөнөткө берилет. Зарыл учурда бул мөөнөт узартылышы мүмкүн.
Документке ылайык, Казакстандын Бишкектеги элчилигине 0,75 гектар жер тилкеси жана 531,66 чарчы метр аянттагы резиденция берилет. Ошондой эле ага 0,17 гектар кошумча аймак каралган.
Ал эми Кыргызстандын Астанадагы элчилигине 0,74 гектар жер тилкеси, ошондой эле 1 267,8 чарчы метр аянттагы резиденция жана 0,125 гектар кошумча аймак берилет.