Баткен шаары, Баткен жана Лейлек райондору катуу шамалдан болжолдуу 16 миллион сомдук чыгым тартты. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.
Маалымдалгандай, 27-июнда болгон шамалдын ылдамдыгы секундуна 27-28 метрге чейин жеткен. Айрым турак үйлөрдүн жана социалдык объекттердин чатырлары жабыркап, башка дагы материалдык чыгымдар катталган.