Биз социалдык тармакта

Өлкөдө мектептердеги окуу эрежелери өзгөрөт. Окуучуларды эмне күтөт?

Министрлер кабинети жалпы билим берүүчү мектептердин ишин жөнгө салган бир катар ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизди. Тиешелүү токтом окуу жылынын оптималдуу мөөнөтүн аныктоого жана окуу жүгүн натыйжалуу бөлүштүрүүгө багытталган.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, өлкөдө мектептик билим берүү расмий түрдө 12 жылдык окуу системасына өтөт.

Эми билим берүү баскычтары төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт: башталгыч мектеп - 6 жыл, негизги мектеп - 3 жыл, жогорку мектеп - 3 жыл. Буга чейин окуу 4+5+2 форматы боюнча жүргүзүлүп келген.

Мындан тышкары, окуу жылынын узактыгы да такталды. Биринчи, экинчи жана үчүнчү баскычтагы окуучулар үчүн окуу жылы мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияны эсепке албаганда кеминде 34 окуу жумасын түзөт.

Биринчи класстын окуучулары үчүн окуу жылы 32 жумага, ал эми экинчи класстын окуучулары үчүн 33 жумага созулат.

Окуу жылындагы каникулдардын жалпы узактыгы кеминде 30 календардык күндү түзсө, жайкы эс алуу мөөнөтү 14 жумадан кем болбойт.

Мындан тышкары, биринчи класстын окуучулары үчүн кошумча эки жумалык, ал эми экинчи класстын окуучулары үчүн бир жумалык каникул сакталат.

Ошондой эле жаңы токтом менен мектептерде окууну беш күндүк же алты күндүк окуу жумасы боюнча уюштурууга уруксат берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан