Биз социалдык тармакта

Ошто турак жайлары "снос" болгон ондогон жарандарга жаңы үйлөр берилүүдө (видео)

Кечээ, 29-июнда Ош шаарынын мэри Жанар Акаев Эне-Сай жаңы конушуна барып, жолду кеңейтүү иштерине байланыштуу турак жайлары бузулуп, компенсация катары жаңы үй менен камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо шарты менен таанышты.
Мэрия билдиргендей, жолугушууда калаа башчысы жолду кеңейтүү долбоорлору шаар үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп, ошол эле учурда жарандардын кызыкчылыгы биринчи орунда турарын айтты.
"Эне-Сай жаңы конушундагы турак жайлар жолду кеңейтүү долбоорлорунун алкагында турак жайы алынган жарандарга мыйзамда каралган компенсациянын негизинде берилүүдө. Учурда Ош көчөсүнөн 6 үй-бүлө Эне-Сай жаңы конушуна көчүрүлдү. Жакынкы күндөрү дагы 12 үй бүлө кенемтесин алат",- деп белгиленди маалыматта.
Ошто турак жайы "снос" болгон ондогон жарандар жаңы үйлөр менен камсыз болууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан