
Баткен облусунда суурлардын жазгы санагы аяктап, аймакта 4 миңден ашык суур бар экени аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Баткен облусунун 188 миң 512 гектар жер аянтында жалпы 759 даана суур эсепке алынса, "Сурма-Таш" мамлекеттик жаратылыш коругунун 66 миң 194 гектар аймагынан 3387 даана суур санакка алынган.