Ысык-Көлдүн Тоң районунда жеке менчикке мыйзамсыз берилген 47, 84 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдалгандай, Улахол, Ак-Терек жана Күн-Чыгыш айыл аймактарына караштуу айыл чарба багытындагы жер тилкелери 2006-2008-жылдар аралыгында жеке жактарга мыйзамсыз өтүп кеткен. Көрүлгөн чаралардан улам 65 миллион сомго бааланган жер тилкелери толугу менен мамлекеттин менчигине алынды.