Биз социалдык тармакта

Дүйнөлүк бокстун тирүү легендасы Эвандер Холифилд Кыргызстанга келди (видео)

Легендарлуу америкалык мушкер, эки салмак категориясында дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болгон Эвандер Холифилд Кыргызстанга келди. Ал 3-июлда Бишкекте өтө турган эл аралык профессионалдык бокс кечинин ардактуу коногу болот.

Сапары учурунда Холифилд Кыргызстанда өзүнүн бокс академиясын ачуу ниетин билдирди. Бул долбоор жаш спортчуларды даярдоого, машыктыруучулар мектебин өнүктүрүүгө жана дүйнөлүк деңгээлдеги адистер менен тажрыйба алмашууга багытталат.

Иш-чаранын алкагында көрүүчүлөрдү сегиз профессионалдык беттеш күтөт, алардын ичинен экиси титулдук мушташ болот. Холифилд менен бирге бокс кечинин ардактуу коногу катары орусиялык мушкер Александр Поветкин да катышат.

Дүйнөлүк бокстун тирүү легендасы Эвандер Холифилд Кыргызстанга келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан