Бишкекте 28 жаштагы жаран ыдык көрсөтүүгө шектелип кармалып, медициналык жактан текшерүүгө алынды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 30-июнда эртең менен эрте шаардагы Үмөталиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. 25 жаштагы жаран факт боюнча милицияга арыз менен кайрылган.
Колго түшкөн шектүүдөн психикалык саламаттыгына байланыштуу мүмкүн болгон белгилер аныкталып, андан аркы текшерүүдөн өткөрүү үчүн медицина кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.