Париждеги аномалдуу ысык Эйфел мунарасынын болжол менен 10 сантиметрге бийиктешине алып келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Мунун себебин архитектор Бертран Лемуан металл конструкция жогорку температурада бошоңдоп кеңеери менен түшүндүргөн. Абанын температурасы +10 градустан 40 градуска өзгөргөндө, мунаранын бийиктиги болжол менен 10 сантиметрге өсөт. Ар бир 10 градус көтөрүлгөн сайын болжол менен 2 сантиметрге созулат.
Эксперт мындай өзгөрүүлөр көзгө көрүнбөсүн жана коноктор үчүн эч кандай коркунуч туудурбай турганын белгилеген. Температура муздагандан кийин, мунара кадимки бийиктигине кайтат.