Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнү күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо маселеси боюнча кезектеги жыйын өткөрдү.
Президенттик администрация билдиргендей, жыйында өлкө аймагында абал туруктуу көзөмөлдө экени, бул багытта тиешелүү мамлекеттик органдар жана бизнес өкүлдөрү менен биргеликте мониторинг жүргүзүлүп жатканы белгиленди. Ошондой эле учурдагы мунай зат запастары жана жеткирүү чынжырындагы кырдаал тууралуу жаңыланган маалыматтар берилди.
Адистер жеткирүүгө дүйнөлүк геосаясий факторлор жана логистикалык кыйынчылыктар таасир этип жатканын билдиришти. Ошол эле учурда күйүүчү майдын альтернативдүү булактары боюнча иш алып барылып, жаңы багыттар боюнча макулдашуулар жетишилгени айтылды.
Бирок маалыматта кайсы багыттар экени ачыкталган эмес.
Жыйындын соңунда Адылбек Касымалиев күйүүчү-майлоочу май рыногуна күн сайын мониторинг жүргүзүүнү жана кырдаал боюнча ыкчам отчёт берүүнү тапшырды. Ошондой эле мындай жыйындарды үзгүлтүксүз өткөрүп туруу милдеттендирилди.