Беларустун президенти Александр Лукашенконун кичүү уулу Николай Лукашенко Пекин университетинин биотехнология адистиги боюнча дипломун алды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Маалматка ылайык, ал Беларустун мамлекеттик университети менен Пекин университетинин биргелешкен билим берүү программасынын алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн катарында окуусун ийгиликтүү аяктаган. Программага жалпысынан 25 студент катышып, алардын бешөө Беларусь тараптан болгон.
Диплом тапшыруу аземине Александр Лукашенко да катышып, уулунун биотехнология тармагын тандаганына кубанычта экенин айтып, бул багытты “жашоонун илими” деп мүнөздөдү.
Беларусь президенти учурда Кытайга жумушчу сапары менен барып, Си Цзиньпин менен жолугушууларды өткөрүп, билим берүү жана башка тармактардагы кызматташтыкты талкуулады.