"Мадина" базарынын аймагында жайгашкан ашканалар бузулуп жатат.
Учурда базардын аймагындагы төрт мыйзамсыз объект демонтаждалды. Ал эми 43 ишкерге соода жүргүзүү үчүн жаңы орундар бөлүнүп берилди.
Маалыматка ылайык, кафе ээлери жаңы жайларга бир ай мурда эле көчүп барышкан. Жаңы соода түйүндөрү мурдагы жайгашкан жеринен болжол менен 500 метр алыстыкта орун алган.