Башкы прокурор болуп Малик Бектурганов дайындалды. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин башкы прокурор болуп иштеп келген Максат Асаналиев кызматынан бошотулган. Анын кызматтан кетишинин себептери азырынча расмий айтылган жок.
Белгилесек, дайындалган башкы прокурор Малик Бектурганов буга чейин башкы прокурордун биринчи орун басары кызматын аркалап келген.