Орусияда бензинди жана авиациялык керосинди экспорттоого толук тыюу салынды. Ошондой эле дизелдик күйүүчү майды экспорттоого да толук чектөө киргизүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы жазды.
Маалыматка ылайык, чечим күйүүчү-майлоочу материалдар рыногундагы кырдаалды талкуулаган жыйында кабыл алынган. Негизги максат – ички рынокту турукташтыруу жана калкты, ишканаларды жана социалдык маанилүү уюмдарды күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу.
Орусия президенти Владимир Путин мунай иштетүүчү заводдор толук кубаттуулукта иштеп жатканын жана айрым пландалган оңдоолор кийинкиге жылдырылганын белгиледи. Болжол боюнча, июль айында күйүүчү май өндүрүшү июнь айына салыштырмалуу жогору болот.
Учурда Орусиядагы бензин запасы болжол менен 1,7 миллион тоннаны түзөт, бул өткөн жылдын деңгээлине жакын.
Белгилей кетсек, Кыргызстан Орусиядан бензин жана дизелдик күйүүчү майды өкмөттөр аралык келишимдин негизинде алат. Келишимге ылайык, отун пошлинасыз жеткирилет жана жыл сайын квота макулдашылат.
Экспортко чектөөлөр күчөтүлгөн шартта, айрыкча ички рынокто тартыштык жаралса, Кыргызстанга жеткирүүлөр да кыскарышы мүмкүн.