Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын жол кыймылынын коопсуздугу боюнча атайын өкүлү Жан Тодт менен жолугушту. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Жолугушууга ошондой эле БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү жана эл аралык делегациянын мүчөлөрү катышты.
Тараптар жол кырсыктарынан жаракат алуунун алдын алуу, жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү системасын жакшыртуу жана жол коопсуздугу жаатындагы мекемелер аралык кызматташууну чыңдоо маселелерин талкуулашты.
Жолугушууда жол-транспорт кырсыктары адамдардын өмүрүн алып кеткен, майыптыкка алып келген жана саламаттык сактоо тармагына олуттуу жүк жараткан негизги медициналык-социалдык көйгөйлөрдүн бири бойдон калып жатканы белгиленди.