Биз социалдык тармакта

Токмокто мушташка катышкан 5 жаранга чара көрүлдү

Чүй облустук милициясы Токмокто мушташка катышкан делген 5 жаранга чара көрүлөрүн билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-июлда саат 01:22 чамасында шаардагы "Нарын шаурма" тез татым жайынын жанында жаштардын мушташы тартылган видео аныкталган.
Дароо окуяга катыштыгы бар беш жаран аныкталып, Токмок ШИИБге жеткирилген. Териштирүүдө окуянын катышуучулары бири-бирине карата эч кандай доо-арызы жок экендигин билдиришип, арыз берүүдөн баш тартышкан.
"Ошол эле учурда коомдук тартипти бузгандыгы үчүн окуяга катышкан беш жаранга карата тийиштүү протоколдор түзүлүп, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт",- дешти милициядан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан