Бишкек шаарында жалган милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу 1-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, шектүү К.У.С. аттуу жарандын уунасын айып короодон чыгарууга укук берет деген жасалма документ тапшырган. Натыйжада жабырлануучуга 60 миң сом өлчөмүндө материалдык чыгым келтирилген. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.
Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жүрүшүндө мурда соттолгон, 1992-жылы туулган К.У.М. аттуу жаран кармалган. Шектүүнүн жашаган жерин тинтүү учурунда, Патрулдук милиция башкармалыгынан берилгендей, жасалмаланган маалымкаттардын бланктары табылган. Учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.