Пакистандын Лахор шаарында жеке окуу борборунун чатыры урап, 14 бала каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү "Ary News" телеканалы кабарлаган.
Билдирүүгө караганда, көз жумган балдардын эң кичинекейи 5 жашта болсо, чоңу 16 жашта болгон.
Урандылардын алдынан 20 бала жана бир мугалим чыгарылган. 12 бала ооруканага жаткырылып, баарынын абалы оор бойдон калууда. Кырсыкка байланыштуу жалпы 5 адам кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсык болгон учурда имараттын ичинде 30-35тей адам болгон. Издөө-куткаруу иштери улантылып, кырсыктын чоо-жайы аныкталууда.