Бишкекте келин 10 айлык кызы белгисиз адамдар тарабынан сабалганы айтып чыкты. Ал өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасына видео жарыялап, окуяны айтып берген.
Анын айтымында, үйүнүн дарбазасынын алдында такси чакырып турган учурда белгисиз аял унаасы менен келип, катуу сигнал берип, аны эки баласы менен унаалардын ортосуна кысып калган. Ошол учурда анын колунда 10 айлык кызы жана 2 жаштагы уулу болгон.
"Ал аял терезеден башын чыгарып, кыйкыра баштады: “Эмне үчүн жолду тосуп жатасың?” деп, андан кийин мени, кызымды урду. Андан соң анын уулу келип, мага жана балама кол көтөрдү",- дейт жабырлануучу.
Айтымында, келиндин колундагы 10 айлык ымыркай учурда өзүн жаман сезип, кусуп, тамак ичпей жатат. Ал эми 2 жаштагы уулу болсо катуу коркуп калган.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмү эки тарап тең арыз менен кайрылганан билдирип, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын жана экспертизалар дайындалганын маалымдады.