Эми 16 жашка чейинки балага паспорт алуу үчүн ата-энелердин же мыйзамдуу өкүлдөрдүн бирөөсүнүн гана кайрылуусу жетиштүү болот.
Юстиция министрлигинен маалымдашкандай, жарандарга паспорт жашаган жеринен гана эмес, кайрылган жериндеги ыйгарым укуктуу органдар тарабынан да берилет.
Ал эми чет өлкөдө жашаган жарандарга мурдагыдай эле ата-энелердин экөөсүнүн тең макулдугу талап кылынат. Эгерде мындай макулдук жок болсо, анда соттун чечими керек болот.