Биз социалдык тармакта

Нью-Йоркто катуу ысык күтүлүп жатканы айтылды 

Нью-Йорк шаарында бул аптада аномалдуу ысык күтүлүп, абанын температурасы +38,9 градуска чейин жетиши мүмкүн. Бул тууралуу мэр Зохран Мамдани эскертүү таратканын чет элдик басылмалар жазышты.

Мэр күтүлүп жаткан ысыкка байланыштуу иш-чаралар планын киргизүүнү тапшырган. Ошондой эле аялуу категориядагы жумушчуларды коргоо боюнча жарлыкка кол койгон.

Документ тиешелүү мекемелерди эмгек коопсуздугун күчөтүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө, курулуш аянтчаларындагы коопсуздук эрежелерин кайра карап чыгууга жана өндүрүштөгү күн өтүү учурларын талдоого милдеттендирет.

Мамдани китепканаларда жана башка коомдук жайларда салкындатуу борборлорун ачууну жарыялады. Ошондой эле көчөдө иштөөгө аргасыз болгон адамдар үчүн желдеткич жана суу бүркүүчү жабдыктар орнотулган көчмө салкындатуу жайлары даярдалат. Коомдук бассейндердин көбү кечки саат 20:00гө чейин иштейт.

Улуттук метеорологиялык кызматтын божомолу боюнча, шаршемби күнү абанын температурасы +36 градуска чейин көтөрүлөт, ал эми бейшемби күнү Бронкс районунда эң жогорку көрсөткүч +38,9 болору күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан