Ош. Ноокатта 2014-жыл "Эл аралык уюмдар менен кызматташуу жана ички ресурстарды пайдаланууну күчөтүү жылы" деп жарыяланды

Ош облусундагы Ноокат районунун аким Бекболот Айтиевдин буйругу менен райондо 2014-жыл "Эл аралык уюмдар менен кызматташуу жана ички ресурстарды пайдаланууну күчөтүү жылы" деп жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 29- январда  аталган райадминистрациянын басма сөз кызматы билдирди.

 

Мындай буйрук райондун айылдарында социалдык-экономикалык, маданий тармакты мындан ары өнүктүрүү, санитардык, экономикалык абалды жакшыртуу, айыл өкмөттөр тарабынан аткарылып жаткан иштердин абалын жандандыруу максатында чыгарылыптыр. Ага ылайык, айылдарда айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, социалдык инфраструктураны жакшыртуу, инвестиция тартуу менен социалдык мекемелерди куруу жана айыл элинин жашоо деңгээлин жогорулатууга аракеттер көрүлмөкчү.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан