Биз социалдык тармакта

Мэр Талантбек Иманов караколдуктарды шаар күнү менен куттуктады (видео)

Мэр Талантбек Иманов караколдуктарды шаар күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

"Бүгүн биздин сүйүктүү Каракол шаарыбыздын күнү.

Кимдир бирөө үчүн бул - туулуп-өскөн жери, балдары чоңоюп жаткан шаар. Кимдир бирөө үчүн - ар дайым кайтып келгиси келген жай. Бирок ар бирибиз үчүн Каракол - жашообуздун бир бөлүгү.

Бүгүн Каракол өзгөрүп жатат. Мектептер жана бала бакчалар жаңыланууда, короолор жана жолдор оңдолууда, жаңы коомдук мейкиндиктер пайда болууда. Бул - болгону башталышы, алдыда дагы көп иштер турат. Ал эми ишеним убадалардан эмес, жыйынтыктан жараларын жакшы түшүнөм.

Мен үчүн Каракол - жөн гана башкарууга ишенип берилген шаар эмес…
Бул - мен чын жүрөктөн сүйгөн шаар.

Ошондуктан бүгүн жасап жаткан иштерибиз - жөн гана жумуш эмес.
Бул сиздердин жана шаарыбыздын келечегинин алдындагы жоопкерчилик.

Мен сиздерден жөн гана ишеним көрсөткүлө дебейм. Бир гана нерсени суранам - айланадагы өзгөрүүлөргө маани бериңиздер. Бизди иштерибиз менен баалаңыздар. Кеңеш бериңиздер, сын айтыңыздар. Анткени Караколду татыктуу деңгээлге жеткирүү - биргелешкен аракет менен гана мүмкүн.

Шаарыбызды сүйгөн, ага күчүн, эмгегин жана жан дүйнөсүн арнаган ар бир адамга чын дилимден ыраазычылык билдирем. Чоң өзгөрүүлөр ар дайым жөнөкөй адамдардын эмгегинен башталат.

Мен Караколго ишенем. Анын келечегине ишенем. Баарынан да анын элине ишенем. Анткени шаарды чыныгы улуу кылган - адамдар.

Кымбаттуу жердештер! Караколубуз күн сайын көркүнө чыгып, өсүп-өнүгө берсин. Ар бир үйдө бакыт, ынтымак жана береке болсун. Балдарыбыз сыймыктанган, коноктор суктанган,жашоого ынгайлуу Караколду баарыбыз биргеликте куралы. Суйуктуу шаарыбыздын туулган күнү кут болсун!

Майрамыңыздар менен!"

Талантбек Иманов караколдуктарды шаар күнү менен куттуктады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан