Биз социалдык тармакта

Дүйнөдөгү жашоо үчүн эң ыңгайлуу шаарлардын рейтинги жарыяланды

Британиянын Monocle журналы 2026-жылга карата дүйнөдөгү жашоо үчүн эң ыңгайлуу шаарлардын рейтингин жарыялады. Анда Токио (Япония) биринчи орунду ээледи.

Рейтингдин алдыңкы үч сабына Копенгаген (Дания) жана Лиссабон (Португалия) шаарлары да кирди.

Авторлордун баамында, жашоо үчүн эң ыңгайлуу ТОП-10 шаар төмөнкүлөр болду:

  1. Токио (Япония)
  2. Копенгаген (Дания)
  3. Лиссабон (Португалия)
  4. Вена (Австрия)
  5. Сидней (Австралия)
  6. Цюрих (Швейцария)
  7. Мадрид (Испания)
  8. Париж (Франция)
  9. Мюнхен (Германия)
  10. Осло (Норвегия)

Ал эми рейтингде акыркы, 20-орунду Киото (Япония) менен Перт (Австралия) бөлүштү.

Шаарларды баалоодо инфраструктура, жашыл аймактардын саны, ресторандардын сапаты, соода жайлары, коопсуздук жана саясий туруктуулук сыяктуу критерийлер эске алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан