Ош шаарында салыкты жыйноо 43 пайызга өсүп, бюджетке кошумча жарым миллиард сом түштү. Бул тууралуу бүгүн, 1-июль - Кыргыз Республикасынын салык кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарада Ош шаарынын мэри Жанар Акаев билдирди.
Мэриянын маалыматы кызматы билдиргендей, калаа башчысы салыктык түшүүлөрдүн туруктуу өсүшүн белгиледи. 2026-жылдын алгачкы алты айында салыктык түшүүлөр 1 миллиард 683 миллион сомго жетип, өткөн жылдын алты айлыгына салыштырмалуу 505 миллион сомго көбөйдү. Өсүү темпи 43 пайызды түзгөндүгү маалыматта кошумчаланды.