Биз социалдык тармакта

Каракол: Борбордук парктын реконструкциясы соңку баскычка жетти (видео)

Каракол шаарындагы 100 жылдык тарыхы бар Пушкин атындагы борбордук сейил бакты реконструкциялоо иштери аяктоо алдында турат. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 7,5 гектар аянтты камтыган паркта 12 аттракцион, административдик имарат жана негизги объекттер курулуп бүттү. Учурда аттракциондор сыноодон өткөрүлүүдө.

"Жашылдандыруу, газон төшөө, автоматтык сугаруу системин орнотуу, жөө жана велосипед жолдорун иретке келтирүү иштери жүрүп жатат. Долбоордо фонтан, спорт аянтчалары, амфитеатр жана кафетерий да каралган. Иштер республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө жана министрлик тарабынан көзөмөлдөнүүдө",- деп белгиленди маалыматта.

Караколдогу борбордук парктын реконструкциясы соңку баскычка жетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан