Жалал-Абад облусунун Манас шаарында “Акылман” атындагы президенттик мектеп-лицейинин курулуш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Мурда объекттин сметалык наркы 2,1 миллиард сомдон ашык деп эсептелип, 1 чарчы метрдин баасы 1103 долларды түзгөн. Президенттин тапшырмасы менен долбоор кайра каралып, оптималдаштырылды. Натыйжада 1 чарчы метрдин баасы 750 долларга чейин төмөндөп, жалпы наркы 1,7 миллиард сомду түздү.
Курулуш иштерин “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө, каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен камсыздалууда.
"Объекттин жалпы аянты 2,4 гектарды түзөт. Долбоор боюнча 360 орундуу окуу корпусу, 410 орундуу жатакана жана мугалимдер үчүн 25 батирлүү турак жай курулат. Ошондой эле 34 окуу классы, лабораториялар, китепкана, жыйындар залы, 25 метрлик бассейн, спорт залы жана эл аралык стандарттагы стадион каралган. Учурда курулуштун 75 пайызы аяктады. Иштин жүрүшү министрликтин көзөмөлүндө",- деп белгиленген маалыматта.