
Бүгүн, 1-июлдан тарта 3 жашка чейинки балдар үчүн ай сайын берилүүчү "Бала ырысы" жөлөк пулу боюнча арыздарды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу эмгек министринин орун басары
Мирланбек Байгончоков брифингде билдирди.
Анын айтымында, бүгүн эле 1000ге жакын арыз түшкөн.
"Статистика боюнча, өлкөдөгү калктын 38 пайызын балдар түзүп, 3 жашка чейинки балдардын саны 440-470 миңди түзөт. Жөлөк пулга арыз берүү мобилдик тиркеме жана аймактык башкармалыктар аркылуу жүргүзүлөт. Жарандар июль айында арыз берип башташса, август айынан тартып жөлөк пул берилип баштайт",- деди министрдин орун басары.
Жөлөк пулдун өлчөмү 1200 сомду түзөт. Аны алуу үчүн ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр белгиленген формадагы арызды, паспортту, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана башка зарыл документтерди тапшыруусу керек.