Бүгүн, 1-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев дүйнөнүн бокс боюнча абсолюттук чемпиону Эвандер Холифилдди кабыл алды. Бул тууралуу мурдагы депутат Шайлообек Атазов билдирди.
Маалым болгондой, жолугушуу учурунда туризм, боксту өнүктүрүү боюнча маектешүү болду. Жолугушуунун соңунда төрага Маматалиев мушкерге белек тапшырды.
Белгилей кетсек, 3-июлда Бишкек шаарында бокс боюнча эл аралык турнир өтөт. Анда 8 мушкер өлкө намысын коргойт. Эвандер Хоолифилд иш-чаранын негизги конокторунун бири.