Ош облусунун Алай районунда өткөрүлгөн "Арсенал" профилактикалык иш-чарасынын жүрүшүндө мыйзамсыз курал сактоого шектелген эки жаран кармалды.
Алай РИИБинин маалыматына ылайык, 1969-жылы туулган Ш.О. жана 1970-жылы туулган К.Т. аттуу жарандар тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок ок атуучу куралдар менен кармалды. Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, алынган куралдарга соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды.
Шектүүлөргө карата Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) кылмыш иши козголуп, иш сотко жөнөтүлгөнү кошумчаланды.