Биз социалдык тармакта

Ошто баңгизаттарды сатуу каналына бөгөт коюлду (видео)

Ош облусунда баңгизаттарды сатуу каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, Daewoo Tico үлгүсүндөгү унааны тинтүү учурунда 54 жаштагы жарандан салмагы 400 граммды түзгөн ооган гашиши табылган. Андан соң анын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, кошумча 2 грамм ооган гашиши жана 7900 доллар өлчөмүндөгү акча каражаты алынган.
Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында кармалган жарандын шериги катары 52 жаштагы жаран аныкталган. Анын жашаган жеринен 492 грамм ооган гашиши табылган. Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 894 граммды түзгөн.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.
Ошто баңгизаттарды сатуу каналына бөгөт коюлду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан