Биз социалдык тармакта

Чүйдө курулуш реестрине катталбаган объекттерге 1 миллион сом айып пул салынды

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы логистикалык-соода борборунда курулуп жаткан кампаларда, газоблок чыгаруучу заводдо жана аквапаркта курулуш мыйзамдарынын бузулганы аныкталды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин маалыматына ылайык, аталган объектилерде курулуш-монтаждоо иштери Бирдиктүү мамлекеттик курулуш реестрине катталбастан жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузган тараптарга карата протоколдор түзүлүп, жалпы 1 миллион сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.

Адистердин айтымында, курулуш иштерин баштоодон мурда объект сөзсүз түрдө Бирдиктүү мамлекеттик курулуш реестрине катталышы керек. Бул талап аткарылбаса, мыйзам боюнча жоопкерчилик каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан