АКШ Сауд Арабиясындагы аскердик катышуусун кыскартуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Мындай маалыматты америкалык аткаминерлерге шилтеме берүү менен The Wall Street Journal басылмасы жазды.
Басылманын маалыматына ылайык, АКШ президенти Дональд Трамптын биринчи мөөнөтүндө Иранды ооздуктоо максатында Сауд Арабиясындагы Принц Султан авиабазасында америкалык аскердик күчтөр көбөйтүлгөн.
Бирок быйыл февралда АКШ Иранга каршы баштаган “Эпикалык каар” операциясынан кийин Вашингтон менен Эр-Рияддын позициялары айырмалана баштаган. Сауд Арабиясы жана Перс булуңундагы башка мамлекеттер маселени дипломатиялык жол менен чечүүнү жактап, Ирандагы бийликти күч менен алмаштыруу аракети мунай рыногуна, АКШнын экономикасына жана аймактагы туруктуулукка терс таасир тийгизиши мүмкүн экенин эскертишкен.
Азырынча АКШ аскерлерин кыскартуу боюнча акыркы чечим кабыл алына элек.