Беларустун президенти Александр Лукашенко өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнүн алдында 32 соттолгон жаранга мунапыс берүү тууралуу жарлыкка кол койду.
Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, мунапыска илингендердин 28и экстремисттик мүнөздөгү кылмыштар үчүн соттолгон. Алардын арасында 20 аял жана 12 эркек бар.
Мунапыс алган жарандардын бардыгы президентке кайрылуу жасап, өз күнөөсүн моюнга алып, кылган ишине өкүнөрүн билдиришкен.
Айта кетсек, Беларуста Эгемендүүлүк күнү 3-июлда белгиленет.