Америкалык The Wall Street Journal басылмасынын маалыматына ылайык, АКШ менен Иран кризистик кырдаалдарды жөнгө салуу үчүн аскердик байланыш каналын ачып, ал эки тарап тарабынан колдонулуп жатат.
Басылманын жазышынча, бул байланыш каналы Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) менен АКШнын Борбордук командачылыгы ортосунда түзүлгөн.
Ошол эле учурда Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исмаил Багаи буга чейин Швейцариядагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Иран менен АКШнын ортосунда саясий байланыш каналы түзүлгөнүн, бирок эки өлкөнүн аскердик түзүмдөрүнүн ортосунда түз байланыш жок экенин билдирген.
Мындай маалыматтар АКШ менен Ирандын расмий билдирүүлөрүндө айырмачылыктар бар экенин көрсөтүүдө.