Иракта укук коргоо органдары жүргүзгөн тинтүү учурунда депутат Хинд аль-Аббасинин үйүнөн болжол менен 57 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү накталай акча жана 27 килограмм алтын табылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, тинтүү маалында таза алтындан жасалган аялдардын ич кийими да аныкталып, ал башка баалуу буюмдар жана акча каражаттары менен кошо мамлекеттин пайдасына алынган.
Бул иш боюнча депутат жана дагы 46 адам кармалды. Аларга өмүр бою эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо жазасы колдонулушу мүмкүн экени айтылууда.