Биз социалдык тармакта

Депутаттар “Эне үйү” ресурстук борборунун иши менен таанышты

Бүгүн, 1-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлнара Акимбаева, Токтобүбү Ашымбаева, Айгүл Ахмедова, Нуржамал Торобекова жана Жылдыз Эгенбердиева Бишкектеги “Эне үйү” ресурстук борборуна барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш сапардын жүрүшүндө депутаттар оор турмуштук кырдаалга кабылган аялдарга жана балалуу үй-бүлөлөргө көрсөтүлүп жаткан социалдык кызматтар, ошондой эле энелерди колдоо жана ымыркайдан баш тартуунун алдын алуу багытындагы программалар тууралуу маалымат алышты.

Борбордун директору Назгүл Турдубекова мекеменин негизги багыттары жана жетишкендиктери тууралуу айтып берип, бул тармакты мындан ары өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан